www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1878-жылы Пишпек "уезддин борбору" деп Орус империясынын Жети-Суу облусундагы бийлик өкүлдөрү шаар деп тааныган күндөн баштап эле; "Бишкекке 144 жыл болду" деп эсептеп келе жатабыз. Бул туура эмес!

Кезинде маркум Жириновский деген эргул дагы, "Бишкек шаарын кыргыздарга биз куруп бергенбиз, биздин артыбыз менен адам болушту" деп атпай журтубузду кемсинтип сүйлөгөн эмеспи.

Мына ушундан деле сабак алсак болмок! Бөлөк элдин тыңчыкмаларына өзүбүзгө таш ыргытуусуна жол бербей, Бишкек шаарынын жашын тээ илгери, 1820-25 жылдары Кокон хандыгы Пишпек чебин курган күндөн бери эсептесек, бери дегенде "200 жыл" деп эсептесек туура болмок!

Тарыхчыларыбыз неге унчукпайт?

Демейде, келген президенттин ата-тегин изилдей салчу Кыяз Молдокасымов ордо калаанын тек-жайын деле тереңирээк изилдеп койсо болмок.

"Бишкек шаарына 200 жыл толду" деп эчкимден коркпой-үркпөй эле айтышыбыз керек! Анткени бизден дээрлик 3 эсе кичине Прибалтика өлкөлөрү деле "биз 1918-жылы эле эгемен өлкө болгонбуз, Советтер Союзу бизди мажбурлап эле убактылуу өзүнө кошуп алган болчу" деп, өз эгемендик майрамдарын 1918-жылдан бери эсептеп келе жатышат. Жок дегенде ошолордон үлгү алсак болмок!

Алмазбек Сардеков, жарандык активист

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости