www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Италиянын өкмөтү Орусиянын Украинада баштаган согушун токтотуу жана тынчтыкка жетишүү жөнүндө планын сунуштады. Бул тууралуу La Repubblica жазып, анын мазмунун жарыялады.

План төрт этапты камтыйт. Биринчиси, ок атышууну токтотууну жана фронттун кесилишкен аймактарын куралсыздандырууну мерчемдейт. Экинчиси, Украинанын келечеги тууралуу көп тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, эл аралык кепилдиктер менен Украинаны нейтралдуу макамда калтырууну жана Европа Биримдигине кирүүгө даярдыктарды баштоону карайт.

Үчүнчүсү, Крымды жана Донбассты кеңири автономдук укугун сактоо менен Украинада калтырууну жана аны Орусиянын таануусун шарттайт. Документте аталган аймактарга өзүнүн тилдик жана маданий укуктарын орнотууга, башка өлкөлөр менен товар жүгүртүүсүн, тейлөө жана жарандардын каттоосун, өзүн-өзү коргоосун автономдуу түрдө башкарууга укуктуу болуп калары көрсөтүлөт.

Төртүнчү этап Европадагы коопсуздук жөнүндө көп тараптуу жаңы макулдашуу кабыл алуу жана Орусиянын аскерлерин кеминде быйыл февралга чейинки чекитке чейин жылдыруу аткарылат. Макулдашууну “Квинт” уюму, Евробиримдик, Түркия, Кытай, Канада, Израил өлкөлөрү Бириккен Улуттар Уюму менен биргеликте иштеп чыгышы керек.

Басылма жазгандай, планды Италиянын Тышкы иштер министрлиги өлкөнүн премьер-министринин кеңсеси менен биргеликте иштеп чыкты. Алар сунуштамасын Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысына, G7 өлкөлөрүнө жана "Квинт" тобуна (Франция, Германия, Улуу Британия, АКШ жана Италия) берди. La Repubblica жарыялаган текстте көрсөтүлгөндөй документти иштеп чыгуу демилгеси Италиянын тышкы иштер министри Луижи Ди Майого таандык.

Гезитте Италиянын сунуштамасы Украина менен Орусияга берилген-берилбегени маалымдалбайт. Москва менен Киев иш жүзүндө сүйлөшүүлөрүн толук токтоткон.

Документтин мазмунун азырынча эки тарап тең комментарийлей элек. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 19-майдагы брифингде Орусия документ жөнүндө эми гана укканын жана ал жөнүндө сүйлөөгө даяр эмес экенин айткан.

Мурдараак украин президенти Владимир Зеленский Орусиянын аскерлери чыгып кетмейинче, жикчил аймактардын макамына байланыштуу Украинанын Конституциясын өзгөртүү боюнча референдум өткөрүү мүмкүн эмес экенин билдирген.

Орусия Украинанын Крым жарым аралын 2014-жылы аннексиялап, өзүнө кошуп алган. Донбасс аймагы деп аталган Донецк менен Луганск облустарындагы орусиячыл жикчилдер өзүн-өзү "республика" деп жарыялап, аларды Москва таанып койгон.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости