www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Башкаларга колдонулган катаал мамиле Ширшовго да сөзсүз колдонулат», - деди бүгүн, 21-майда NazarNews маалымат агенттигине акыйкатчы Турсунбек Акун.

- Турсунбек мырза, Ширшов Кыргызстанга келгени күбүр-шыбыр кептер күчөдү. Ал аракеттери менен бийликти жаман атты кылып койбойбу?

- Шировдун үстүнөн 2010-2011-2017-жылы 7-8 кылмыш иши козголуптур. Эми ошол козголгон иштерди укук коргоо органдары аягына чыгарышы керек. Маани бербей койбош керек. Себеби, Ширшов жүргөн жерде жакшы иш болбойт. Мунун аты кайда болбосун ызы-чуу менен коштолот.

Айтайын дегеним, Ширшов Максимдин акчасын бетине кармап, улутташтырылып кеткен объекттерин менчиктештиргенге аракет кылып жатат. Кыскасы, Ширшовдун аракети азыркы бийликти каралаганга шарт түзөт. Ошон үчүн Ширшов татыктуу жазасын алышы керек.

- Ал жазаланмак турсун, акчасын адалдаганы, акталып кеткени келди деп жатышат го?

- Акчасын адалдап кете албаса керек. Анткени, президент да, УКМКнын башчысы да коррупцияга каршы иштеп жатышат. Башкаларга колдонулган катаал мамиле Ширшовго да сөзсүз колдонулат деп ойлойм.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости