www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан маршруту боюнча темир жолун куруу долбоору быйыл күздө башталат. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өкмөттүн жыйынында билдирген.

Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдиргендей, жыйында 2022–2026-жылга Кыргызстандын темир жол транспортун өнүктүрүүнүн негизги багыттары бекитилген.

"Темир жол тармагын өнүктүрүү — министрлер кабинетинин ишмердүүлүгүндөгү негизги артыкчылыктуу багыттардын бири. Ушул күздө эгемен тарыхтагы эң масштабдуу долбоор аталган Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун курууга старт беребиз. Бул долбоорду колдош керек", — деген Жапаров.

Белгилей кетсек, аталган долбоор тууралуу көп жылдан бери айтылып келет. Жакында эле анын маршруту сунушталып, курулуштун болжолдуу баасы да айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости