www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектеги «Ош» базарында жайгашкан этти дүңүнөн сатуу жайы бүгүнтөн тарта ишин токтотту. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындан ары борбор калаада этти дүң сатуу Маевка аймагындагы «Алтын-Така» мал базар комплексиндеги «Чүйгүн» эт павильонунда жүргүзүлөт.
Белгилей кетсек, мындай чечим ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук эрежелерин сактоо максатында кабыл алынып, эт азыктарынын коопсуздугун камсыздоого жана калкты сапаттуу азык-түлүк менен камсыздоого багытталган.
Жаңы «Чүйгүн» эт павильону жалпы 800 чарчы метрди ээлеп, санитардык-гигиеналык талаптарга толук жооп берет. Павильондо төмөнкү объекттер каралган:
ветеринардык кызматтын кеңсеси жана лабораториясы;
карантиндик эт сактоочу жай;
90 чарчы метрлик муздаткыч камера;
башка кызмат көрсөтүүчү бөлмөлөр.
«Бул өзгөрүү Бишкек шаарынан жана өлкөнүн башка аймактарынан эт азыктарын ташып келген ишкерлер, дүң сатуучулар жана сатып алуучулар үчүн маанилүү жана ыңгайлуу жаңылык болуп саналат. Мындан ары эт азыктары коопсуз, таза жана тартипке салынган шартта соодага чыгарылат», — деп айтылат маалыматта.