www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милициянын кайгуул кызматы  киши өлтүрүүгө шектүү жарандарды кармады. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 23-июнь күнү  Бишкек шаардык ИИББи боюнча Ленин районуна бөлүнгөн Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери аталган аймакта кайгуулда жүргөн учурда, болжол менен саат 02:37 чамасында Павлов көчөсү менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде 30-35 жаштагы белгисиз адамдын  жансыз денеси жол жээгинде жаткандыгын көрүшкөн.

Ошол замат Милициянын кайгуул кызматы Тез жардам кызматын чакырып, окуя болгон жерди курчоого алып, калган бөлүгү шектүүлөрдү издөөгө киришкен.

Көп узабай ыкчам издөөнүн натыйжасында Бишкек шаардык ИИББи боюнча Милициянын кайгуул кызматы тарабынан кылмыш изи сууй электе Кулиев менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинен кылмышка шектүү катары 2000-жылы туулган А.К., 2003-жылы туулган С.Ж. жана 2003-жылы туулган Ч.И.лер кармалып, Ленин районунун ИИБнын тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

"Аталган факт боюнча Ленин райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренесинин (Киши өлтүрүү) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды", - деп айтылат билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости