www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош базарындагы өрттөн эки адам ууланды!

Бишкектин Ош базарында чыккан өрттөн эки киши ууланды. Уулангандарга жеринде медициналык жардам көрсөтүлгөн, абалдары жеңил.

Ал эми, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, өрт үч сааттан кийин чектөөгө алынды. Тилсиз жоо 3,5 миң чарчы метрге жакын аянтка жайылганы айтылды.

Өрт бүгүн саат 09:30дар чамасында Бейшеналиев менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинде, Ош базарындагы "Сейтек" дүкөндөр комплексинде чыккан. Аны өчүрүүгө беш, кийинчерээк дагы он топ тартылган.

Жалпысынан ондогон соодагердин павильону өрттөнүп кетти. Кырсыктын себептери такталууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости