www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош облусунун Араван районундагы чек арага чектеш жайгашкан Жар-Кыштак айылында 200 окуучуга ылайыкталган заманбап мектеп салынууда. Бул тууралуу Курулуш министрликтен билдирди.
Объекттин курулушу 2025-жылдын декабрь айында башталып, каржылоо республикалык бюджеттен каралган. Жалпы наркы 137,5 миллион сомду түзөт.
Долбоор боюнча мектеп эки кабаттуу болуп, анда окуу класстарынан тышкары лабораториялар, эмгек кабинеттер, китепкана, ашкана, жыйындар залы жана бардык шарттары каралган спорт зал жайгашат.
Имараттын жалпы аянты 2008 чарчы метрди түзөт.
Учурда объектте курулуш-монтаждоо иштери 35 пайызга аткарылды.
Курулуш иштеринин ар бир этабы Курулуш министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөнүп, техникалык текшерүүдөн өткөрүлөт.