www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 24–26-май күндөрү Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында аймактагы негизги экологиялык жана өнөр жай объекттерин текшерди. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Сапардын жүрүшүндө биоартүрдүүлүктү сактоо, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын өнүктүрүү, ошондой эле өнөр жай объекттериндеги экологиялык коопсуздук маселелери каралды.
Министр Алатай мамлекеттик жаратылыш паркы, Сары-Челек мамлекеттик биосфералык коругу жана Падыша-Ата мамлекеттик жаратылыш коругу аймактарындагы инспектордук жана илимий кызматкерлер менен жолугушту.
Жолугушууларда токойчуларды материалдык-техникалык жактан камсыздоо, браконьерликке каршы күрөшүү жана санариптик мониторинг системаларын киргизүү маселелери талкууланды. Министр өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында экосистемаларды заманбап башкарууга өтүү зарылдыгын белгиледи.
Мындан тышкары, Таш-Көмүр шаарындагы саркынды сууларды тазалоочу курулмалардын техникалык абалы текшерилди. Министр тазалоо системаларынын натыйжалуу иштеши аймактагы суу ресурстарын коргоо жана калктын санитардык-экологиялык коопсуздугун камсыз кылуу үчүн маанилүү экенин айтты.
Ошондой эле Кристалл ААКсынын аймагында да текшерүү жүргүзүлдү.
Объекттин экологиялык жана техникалык абалына баа берилип, мүмкүн болуучу тобокелдиктердин алдын алуу маселелери каралды.
Сапардын жыйынтыгында министр Жалал-Абад облусу уникалдуу жаратылыш аймактары менен ири өнөр жай объекттери айкалышкан өзгөчө аймак экенин белгиледи.
«Экологиялык коопсуздук табигый жана шаардык болуп бөлүнбөйт — бул бирдиктүү система. Биз жаратылыш аймактарын коргоо менен катар өнөр жай объекттерин да катуу көзөмөлдө кармоого милдеттүүбүз», — деди Акыл Токтобаев.
Текшерүүнүн жыйынтыгында профилдик департаменттерге бир катар ыкчам тапшырмалар берилди.