www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы “Ош шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгында (ЖКККБ) бир гана кызматкер калды” деген маалыматты төгүндөдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык,  Ош шаарында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын өздүк курамы толук кандуу кызмат өтөп жатат. Башкармалык ооруп, дарыланууга кеткен кызматкерлер бар.

Бирок, алар эмне болуп ооруп жатканын жана санын маалымдаган жок.

“Айрым социалдык булактарда "Ош шаарында бир гана МАИчи калды" деген мазмундагы материалдар чындыкка дал келбейт. Ош шаарынын жол кыймылы көзөмөлсүз калбайт”, - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, социалдык тармактарда "Ош шаарында жол кыймылын тейлөөчү бир гана инспектор калды" деп жазып чыгышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости