www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 23-июлунда социалдык тармактарда тараган үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу видео боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тергөөгө чейинки текшерүү иштерин баштады.
Маалыматка ылайык, видеодо көрсөтүлгөн жарандар Ош шаарынын тургундары экени аныкталган. Алар 1990-жылы туулган Т.Ж., анын жубайы 1996-жылы туулган Д.А. жана алардын 2020-жылы туулган уулу экени такталды.
Текшерүүнүн жүрүшүндө социалдык тармакка 2026-жылдын 23-июлунда жарыяланган видео чындыгында 2023-жылдын 22-декабрында тартылганы белгилүү болду.
Ошондой эле учурда жубайлар чогуу жашабай турганы аныкталып, жубайы милицияга арыз жазуудан баш тарткан.
Буга карабастан, үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу бардык жагдайларды толук жана объективдүү аныктоо максатында жаран Т.Ж.га карата тергөөгө чейинки текшерүү иштери уланууда.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгы социалдык тармактар аркылуу тараган ар бир маалымат мыйзам чегинде милдеттүү түрдө текшерилерин билдирди.