www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
23-июлда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиёр Саидов менен жолугушту. Жолугушуу Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынынын алкагында өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-өзбек кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана эки тараптуу, көп тараптуу өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоонун жолдорун талкуулашты. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарын уюштуруу маселелерине да көңүл бурулду.
Соода-экономикалык, транспорттук жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын оң динамикасы белгиленди. Тараптар эки өлкөнүн элдеринин кызыкчылыгы үчүн жетишилген келишимдерди ишке ашыруу боюнча биргелешкен ишти жандандыруу тууралуу макулдашты.
Ошондой эле министрлер аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги негизги маселелер, коопсуздук жаатындагы кызматташтык жана көп тараптуу түзүмдөрдүн алкагындагы биргелешкен иш боюнча пикир алышты.