www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2010-жылдын 7-апрелинде Убактылуу Өкмөт бийликке келет. Кадыржан Батыровдун күнү тууйт. Ал Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев менен жакшы мамиледе болгондуктан Ош, Жалал-Абадды өзү билип чалчаңдай баштайт. Атамбаев, Текебаевдердин өтүнүчү боюнча мамлекет башчысы Роза Отунбаевада кабыл алып жиберген. Бектур Асанов сыяктуу губернаторлорду иттин күчүгүндөй шыйпалаңдатып жанына жан сакчы кылып ээрчитип алат. «Токмогу күч болсо кийиз казык жерге кирет» дегендей, «домкраты» Бишкекте колдоп турса, губернаторлор жөргөлөп жүрүшсө Кадыржан Батыров көппөгөндө ким көбөт? Каалаганына «жең учунан» Атамбаевге таянып мансап берип жаткан Батыров ага көзү тойбой, Түштүктө өзбек автономиясын алып, өзбек тилине мамлекеттик макам бериш үчүн Тоолуу-Бадахшан автономиялуу облусунун Конституциясы менен таанышып келет.

Ош коогалаңында азыркы президенттикке талапкер, Жалал-Абад  облусунун губернатору Бектур Асанов өзбек сепаратисттерин колдогону белгисиз, 2010-жылдын 12-июнунда  губернатор Бектур Асанов жана УКМК төрагасынын биринчи орунбасары, Жалал-Абаддын коменданты  Кубат Байболов Жалал-Абадда болгон эмес. Баштарын калкалап жүргөнбү ким билет? Бирок, Жалал-Абад элин колдоп Камчыбек Ташиев барып, Сузакты, Сампаны ээлеп алган өзбек сепаратисттерин тынчтандырып, Ош коогалаңын басууга үлкөн көмөк көрсөтүп элди тараткан. Эмнегедир ошол жерде жүргөн атка минерлердин бирөөсүнө Ташиев жакпай; Ташиевди каматыш керек дептир. Мына атка минерлердин жүзү...

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости