www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америкалык Moderna компаниясы тарабынан иштелип жаткан коронавирустук вакцинанын тестирлөөнүн үчүнчү фазасы жогорку натыйжалуулугун көрсөттү. Бул тууралуу маалымат аталган компаниянын сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, жаңы вакцинаны сыноого 30 миңге жакын адам катышкан. Натыйжада, вакцинанын 94,5 пайыз натыйжалуулугу далилденди.

“Анализдердин натыйжасы биздин вакцина COVID-19 оорусун, анын ичинде оор формасын алдын алат деген биринчи клиникалык тастыктоону берди” – деди Moderna компаниясынын башкы директору Стефан Бансел.

Эмдөөдөн өткөндөрдүн ичинен 5 адам гана ооруну жуктурган. Ошол эле учурда, алардын биринде да катуу оору болбогону белгиленет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости