www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгондон тарта сырттан карыз алуу менен жашап келе жатат. Акыркы, 8 жылда мамлекеттин тышкы карызы мурдагы көп жылдык карыздан эки эселеп көбөйдү. Себеби, жол куруу багытында Кытайдан алынган каражаттар уурдалып, максатсыз жумшалды. Ушул жылдын август айынан тарта мамлекеттин карызын төлөп баштоо мөөнөтү келди, аталган убакытта 300 миллион доллар алгачкы төлөмүн беришибиз керек. Мамлекет казынасында андай каражат жок. Себеби, мамлекетти талап, өз чөнтөгүн толтуруп тоноп келген ууру-коррупционер чиновниктерден дагы деле арыла элекпиз. Алардын бири, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев.
Ош шаар башчысынын коррупциялык схемаларынын бири, кошумча жеке капчыгына каражат түшүргөн булагы – “Жапалак” унаа базары.
“Жапалак” унаа базары – Ош шаардык мэриясынын балансында турат. Жумасына эки күн, ишемби жана жекшемби күндөрү иштеп, 3500 унааны тейлейт. Мындан тышкары 30дан ашык ашкана, нотариустар, ажаатканалар аренда төлөйт. Сыртында унаа базарга тийешелүү стоянка бар, андан дагы киреше чогулат.
Убагында, “Жапалак” унаа базары 2000-2500гө чейин унааларды кабыл алып, тейлөөчү. Ал убакта ар бир унаа үчүн төлөм 70 сом болгон. Бирок, ага карабай айына унаа базар 1 200 000 сомго чейин киреше мэриянын казынасына төккөн. Муну, ошол кездеги тийиштүү документтер менен дагы тастыктаса болот.
2015-жылы, 16-октябрда Ош шаардык мэриясы унаа базардын ижара төлөмүн көбөйтүүнү макулдашып, Айтмамат Кадырбаев вице-мэр З.Аскаровдун атынан шаардык кеӊештин депутаттарына ижара төлөмүн 100 сом өлчөмүнө бекитип берүү сунушун жаздырат. Шаардык кеӊештин депутаттары сунушту кабыл алып, 2015-жылдын 20-октябрында эле токтом чыгарып берген.
Унаалардын төлөм аксын көбөйткөнгө карабай “Жапалак” унаа базары айына 800 миӊ сом гана төгүп турган. Кийин, киреше көлөмүн Айтмамат Кадырбаев 600 миӊ сомго чейин азайтып салган. Көп өтпөй эле мэр Айтмамат Кадырбаев базарды жеке менчикке сатуу сунушу шаардык кеӊештин талкуусуна түшүп, ал үчүн көп талаш-тартыш болгон. Киреше алып келген базарды жеке менчикке сатып жиберүүнү көздөгөн Кадырбаевдин тилеги орундалган эмес. Эгерде жеке менчикке сатууга шаардык кеӊеш макулдугун берсе, анда Айтмамат Кадырбаев өзү ит бекерге башкалардын колу менен сатып алууну максат кылган. Базарды сатып ала албашына көзү жеткенден кийин, кадимки коррупциялык схемалар аркылуу ээлеген кызматынан пайдаланып кирешени сол чөнтөккө солоп баштаган.
Унаа базар жумасына 2 күн иштеп, 3500 унааны тейлейт. Анын ичинде жабык жайлардын төлөмү 300 сом. Алар жеке менчик ээлерине карайт, алар төлөмдүн 50%ын унаа базарга төгөт. 3500 унаанын 1 күндүк төлөмү 350 000 сом, эки күндө алардан 700 000 сом киреше түшөт. Айдын 4 жумасында 2 күн унаа базар иштейт. Ошентип жалпы унаалардан түшкөн киреше айына 2 800 000 (эки миллион сегиз жүз миӊ) сом. Биз, унаа базардагы аренда төлөп отурган кафе-ашканалар, кызмат көрсөткөн майда ишканалар, акы төлөп токтогон стоянканы кошкон жокпуз. Мына ушундай кирешелүү базарды Айтмамат Кадырбаев көп жолу сатып жиберүүгө аракет кылган.
Мындан дагы кызыгы, жакында эле унаа базардын жетекчиси шаардык кеӊешке базардын 1 айлык киреше төлөмүн 400 миӊ сомго азайтып, аны бекитип берүү сунушу менен кайрылып, сунушу колдоо тапкан жок.
Айына 2 800 000 сом киреше тапкан, мэриянын балансындагы унаа базар – мамлекет бюджетине 600 000 сом гана төгөт. Калган, 2 200 000 сом кайда кетип жатат? Унаа базардын директору сол чөнтөккө солоп жатабы же Айтмамат Кадырбаев менен бөлүшүп жатабы деген суроого тийиштүү органдар кылдат иликтеп чекит койсо жакшы болмок!
Кыргызстан кыйын абалда турганда ушундай уурулук кылып, коррупциялык схемаларды түзүп алган келемиштерди капканга түшүрүп, алардын жеп-ичкенин кустурса, карыздын айсы бир бөлүгүн кутулуп алат белек деген ой келет.
Коррупция менен аесуз күрөшөм деген президент Сооронбай Жээнбеков, мына ушундай маселеге олуттуу карашы абзел.
Махабат Кожомуратова
Булак: NazarNews.kg