www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2-февраль күнү Ош областтар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт стационарынын капиталдык оңдоодон кийинки расмий ачылышы болуп өттү.
Расмий ачылышка Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин I орун басары Маткеримов Айбек Тураталиевич, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кенжебаев Аманкан Батырбекович, Ош шаарынын вице мэри Закиров Нурлан Акимжанович, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Баетов Болот Таалайбекович, төрөт стационарынын түптөлүшүнө салым кошкон дарыгерлер жана жалпы Ош областтар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын жамааты катышты.
Ош областтар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын директору Атабек Жумалиев расмий жыйындын башында оорукананын ийгиликтерин тең бөлүшүп, кубанычтарына ортоктош болуп келген конокторго ыраазычылык билдирди.
Саламаттык сактоо министринин I орун басары Айбек Тураталиевич өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 2030-жылдарга калктын ден соолугун сактоо жана саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү боюнча "Дени сак адам - өнүккөн өлкө" улуттук программасында Энелердин жана балдардын ден соолугун коргоо артыкчылыктуу багыттардын бир болуп саналарын баса белгилеп өттү.
Төрөт стационарынын капиталдык оңдоодон кийинки ачылышына келген коноктор төрөт стационарынын абалы, бейтаптар үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышып, оң баасын беришти.
Ош областтар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын инфратүзүмүн оңдоого, саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кенжебаев Аманкан Батырбекович, Ош шаарынын мэри Токторбаев Жеңишбек Шермаматович жана Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Баетов Болот Таалайбекович Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Ардак Грамоталары менен сыйланышты.
Ош областтар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт стационары 1968-жылы курулуп, пайдаланууга берилген. Ошол мезгилден тарта бир да жолу капиталдык оңдоодон өткөн эмес, мезгил мезгили менен косметикалык оңдоодон өтүп турган.
2025-жылдын июнь айынан 2026-жылдын январь айына чейинки мөөнөттү камтыган капиталдык оңдоо иштери төрөт стационарынын жандандыруу, эне менен баланын бирге болуу, ымыркайлардын жандандыруу, төрөт бөлүмү, кабыл алуу, кош бойлуу энелердин патологиясы,операциялык залдар, борбордук стерилизация, клиникалык лаборатория бөлүмдөрүн камтыды.
Андан сырткары төрөт стационарына борбордоштурулган кычкылтек станциясы орнотулду. Кошумча операциялык залдар жасалып, палаталарга бейтаптар үчүн шарттар түзүлдү. Капиталдык оңдоо иштери имараттардын канализация, суу, жылуулук, ток, чатыр,фасад ж.б.түзүмдөрүн толук камтыды. Андан сырткары бейтаптардын туугандары, коштоочулар үчүн күтүү залы уюштурулду.
Демөөрчүлөрдүн эсебинен жалпы суммасы 3млн 800миң сомго барабар болгон каражатка кош бойлуу энелердин ыңгайлуулугу үчүн лифт орнотулду. Ош областтар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт стационарынын капиталдык оңдоо иштерине жалпы суммасы 87млн сом бюджеттик каражат жумшалды.
Бардык каражаттар Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан бөлүндү. Ош областтар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт стационарында бир жылдын ичинде 9-10 миңдей ымыркай жарык дүйнөгө келип, 20 миңдей кош бойлуу энелер дарыланып чыгышат.
Ош областтар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт стационары Кыргызстандын түштүк аймагындагы оор бейтаптарга жогорку квалификациялуу, адистештирилген медициналык жардам көрсөтүүчү жана жалпы акушер-гинекологдор үчүн окуу усулдук борбор болуп саналат.