www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү эмгек мигранттарынын социалдык-укуктук абалын жакшыртуу жана укуктарын коргоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 11-апрелиндеги № 1991-VII токтомунун аткарылышы тууралуу маалымат угулду. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди. 

Маалымат менен эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев жана тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев тааныштырды.

Талкуу маалында депутат Алтынбек Кылычбаев Россия Федерациясындагы көзөмөл реестрине кирген эмгек мигранттарынын санын тактап, аларды «кара тизмеден» чыгаруу боюнча кандай чаралар көрүлүп жатканын сурады. Министр Канат Сагынбаев учурда 91 миң жаран тизмеде турганын айтып, миграциялык мыйзамдар боюнча түшүндүрүү иштери сыяктуу тийиштүү жумуштар аткарылып жатканын билдирди.

Депутаттар Гуля Кожокулова менен Жылдыз Курманалиева ата-энелери эмгек миграциясында жүргөн балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу үчүн атайын механизмдерди иштеп чыгууну сунушташты. Министр Канат Сагынбаев эмгек мигранттарынын балдарынын укуктарын каттоо, коргоо жана мониторинг жүргүзүү үчүн автоматташтырылган маалыматтык системалар ишке киргизилгенин, ошондой эле бул багытта мыйзамдык демилгелер да иштелип жатканын белгиледи.

Депутаттар Бурун Аманова жана Айгүл Ахмедова кыргыз жарандарына чет мамлекеттердин миграциялык мыйзамдарындагы өзгөрүүлөр тууралуу өз убагында маалымдоо жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турууга чакырышты. Ал эми депутат Адилет Белеков Россия Федерациясында соттолгон мекендештерге укуктук жардам көрсөтүү, аларды экстрадициялоого байланыштуу көйгөйлөрдү чечүү маселелерин көтөрдү.

Последние новости