www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош облустук адистештирилген клиникалык ооруканасын Эрмек Нурунбетов жетектей баштады.
Маалыматка ылайык, ал бул кызматка саламаттык сактоо министринин 2026-жылдын 29-июлундагы буйругу менен дайындалган.
Нурунбетов буга чейин Саламаттык сактоо министрлигинин Ош шаарындагы координатору болуп, ошондой эле Ош шаарындагы үй-бүлөлүк медицина борборлорун жетектеген.
Ал эми облустук оорукананын мурдагы жетекчиси Сайипжан Шералиев Ош шаардык ооруканасынын башчысы болуп дайындалган болчу.