www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы, генерал-майор Абдикарим Алимбаев менен жолугуп, коопсуздук жаатындагы кызматташтык маселелерин талкуулады.
Жолугушуунун алкагында маанилүү жабдууларды өткөрүп берүү аземи өттү. АКШ тарабы Мамлекеттик чек ара кызматына түнкү көрүүчү монокулярлар жана жылуулук аркылуу байкоо жүргүзүүчү жабдуулардан турган 19 комплект, ошондой эле кооптуу материалдарды аныктоого арналган эки MX-908 көчмө химиялык детекторун тапшырды.
Берилген жабдуулар химиялык заттарды, жарылуучу каражаттарды, баңги заттарды жана башка коркунучтуу материалдарды ыкчам аныктоого мүмкүнчүлүк берет.
Тараптар чек ара коопсуздугун камсыздоо, жалпы коркунучтарга каршы күрөшүү жана эки өлкөнүн тиешелүү органдарынын кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү багыттарын талкуулашты.
АКШ элчилиги Мамлекеттик чек ара кызматы коопсуздук маселелерин чечүүдө маанилүү өнөктөш экенин белгилеп, Кыргызстандагы коопсуздукту чыңдоого колдоо көрсөтүүнү улантарын билдирди.