www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров VIII Кыргыз-Россия экономикалык форумунун алкагында өткөн «Кыргызстан менен Россиянын аймактарынын соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуусу. Мыкты долбоорлордун бет ачары» аталышындагы тегерек столго катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандын жана Россиянын аймактарынын ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү, инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү жана келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Тегерек столдун катышуучулары аймактар аралык өнөктөштүктү чыңдоо, жаңы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү түзүү жана биргелешкен долбоорлорду колдоо багытындагы сунуштарын айтышты.

VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму эки өлкөнүн ишкер чөйрөсүнүн жана мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүн бириктирип, экономикалык кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган маанилүү аянтча болуп саналат.

Последние новости