www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облустук ооруканасына керебеттер бөлүндү

Ош шаардык балдар ооруканасынан кичинекей бейтаптар жана алардын апалары орун жетишсиздигинен полдо уктап жаткан сүрөтү жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялангандан кийин медициналык мекемеге кошумча керебеттер бөлүнгөн.

Түштүк борбордун мэриясынан билдиришкендей, шаар мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасы менен Ош шаардык балдардын жугуштуу оорулар ооруканасынан аймактык оорукананын бейтаптары үчүн 60 керебет бөлүнгөн

«Иш-чаралар сезондук ОРВИ оорусунун көбөйүшүнө байланыштуу облустун райондорунан Ош облустук балдар ооруканасына кайрылган бейтаптардын саны көбөйүп жаткандыгына байланыштуу жүргүзүлүүдө», - деп белгилешти мэриядан.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости