www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тышкы иштер министрлигинин аталышы кайра эскиге өзгөртүлдү

Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министрлигинин аталышы өзгөртүлдү. Президент Садыр Жапаров 6-ноябрда кол койгон жарлыкка ылайык, эми Тышкы иштер министрлиги деп кыскача эле аталат. 

Мекеме быйыл октябрга чейин Тышкы иштер министрлиги деп аталып келген. Акылбек Жапаров баштаган Министрлер кабинетинин жаңы курамы бекитилгенде "тышкы соода жана инвестициялар" деген сөздөр кошулган. 

2021-жылы Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөнүнө 75 жыл болду. 

Жыл башында Саламаттык сактоо министрлигине Социалдык өнүктүрүү министрлиги бириктирилип, жаңы Министрлер кабинети куралганда кайрадан бөлүнгөн. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости