www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ашказанда жарасы бар же гастриттен жапа чеккендер үчүн жемиштен жасалган суусундук жана кадимки кисель пайдалуу азык деп эсептелет. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги диетолог Татьяна Иванниковага шилтеме кылып жазып чыкты.

Адис мындай азыктануу организм үчүн сиңимдүү жана калориялуу боло турганын айтат.

"Мөмө-жемиштерден жасалган суусундук ашказанында жарасы бар же гастрит болуп ооругангандарга пайдалуу. Ал ичегинин микрофлоросуна жакшы таасир этет, пайдалуу бактериялардын көбөйүшүнө шарт түзөт. Дагы бир азык - кадимки эле кисель. Анун курамындагы крахмал кандагы холестериндин деңгээлин төмөндөтүүгө жардамдашат. Муну менен атеросклероз, жүрөк жана кан тамыр ооруларынын тобокелчилигин азайтат", — деди Иванникова.

Ошол эле маалда дарыгер курамында углеводу көп  суусундукту жана тамак-ашты кант диабети барлар абайлап колдонушу керектигин эскерткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости