www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандагы Актау шаарындагы эки кабаттуу кафеде катуу жарылуу болуп, имарат толугу менен талкаланды. Азырынча адамдардын жабырланганы туурасында так маалымат айтылат элек. Бул тууралуу Sputnik Казакстан кабарлады.

Кырсык жөнүндө маалымат "101" кызматына саат 22.25те келип түшкөн.

Ал жерге өрт өчүрүүчүлөрдүн 17 бригадасы, куткаруучулар жана кырсык боюнча борбордун бир автоунаасы чыгып кеткен.

Ал эми жарылуунун өзүн бир нече жүз метр аралыктагы башка имараттагы видеокамера тартып калган.

Анда жолдон автоунаалар бейкапар кетип бара жатканда жолдун сол тарабынан үрөй учурган жарылуу болгонун көрүүгө болот. Ал ушунчалык катуу жана масштабдуу болгондуктан кайсы имараттын жарылганы билинбей, ал жерди чаң менен жалын басып калган.

Маалыматтарга караганда, ал жердеги ашкана саат 9.00дөн 18.00гө чейин иштегендиктен, балким, имараттын ичинде киши болгон эмес деген жоромолдор да айтылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости