www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2019-жылдын 22-сентябрында болжол менен саат 09:40 чамасында милицияга Ош облусунун аймактык ооруканасынан билдирүү келип түшүп, анда Ош облусунун 1990-жылы туулган жашоочусу денесинен жаракат алып түшкөндүгү маалымдалган.

Чакырууга барышкан милиция кызматкерлери тарабынан жаран Р. уулу Т. бел тарабына ок атуучу куралдан жаракат алгандыгы такталган. Аны оорукананын жандандыруу бөлүмүнө которушуп, операция жасашып, учурда травматалогия бөлүмүнө которулду. Аталган факты КЖБРге катталып, ИИМдин Тергөө кызматы (Ош шаары) Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 138-беренеси (Саламаттыкка оор залал келтирүү) боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Ал эми ыкчам-тергөө иш-чараларын ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгы жүргүзүүдө. Болжолдуу иликтөөнүн жүрүшүндө жабырлануучуну ооруканага жеткиришкен бир нече жарандар суракка алынган. Саламаттыкка оор залал келтирүү фактысы боюнча соттук-медициналык, соттук-биологиялык жана башка экспертизалар дайындалды.

Азыркы учурда ИИМдин Тергөө кызматы (Ош шаары) аталган окуянын чоо-жайын аныктоо максатында сотко чейинки иликтөө жүргүзүп жатат, деп билдирди ИИМдин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости