www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушундайбыз. Кемчилигибизди айтсак, бири-бирибизге сын айтып басып калабыз.

Эми карайлы, айтылуу Аксы районунун борборбу Кербен - мурунку Караванга Бишкектен самолет учат экен деген маалымат же бүтпөдү же ошо аэропорт өзү бүтпөдү. Муну алабакулак депутат Исхак Пирматов убагында көтөрүп чыккан. Бирок аны кийин аксылык “кыргызстанчы” – депутат Алмазбек Эргешов уялбай-этпей эле “менчиктештирип” алган жайы бар.

Эми ошо аэропорт бүтпөй, анын “жарма ачылышына” Өкмөт башчы Мухамедкалый Абылгазиев өзү катышканы менен анысы ачылбай ит эле болуп олтурат.

Бүгүн, 16-сентябрда Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышевдин парламентте берген маалыматы боюнча, аталган аэропорттун имараты оӊдоп-түзөө толугу менен жыйынтыкталып, тиешелүү аэронавигациялык жабдуулар алынган. Тийиштүү сертификат да берилген. Анан эмне болду?

-Аэропорттун инфратүзүмү учуп-конуу тилкесинен башкасы белгиленген эрежелерге ылайык келет. Тилкеден кеткен жаракалар мастика чайыры менен бүтөлүп, герметизацияланышы керек. Биз бул эреже бузуулар четтетилиши керек деген шарт менен сертификат бергенбиз,- деп Жарандык аваиация деген агенттиктин жетекчиси Курманбек Акышев айтса, Аксыдан депутат болуп шайланган Эргешов деген эрен «Манас» аэропортунун жетекчилигинин канааттандыралык эмес ишинин ачык мисалы экенин айтат.

Мына, кыргыз телеканалдарынан “ Кербен” аэропорту ачылды, ишке кирди!” деп премьер-министрди бетке кармап алып жарыя кылышты. Ушу кимге керек эле?... Өкмөт башчы – Абылгазиев, Сизгеби? Же Президент, Жээнбековгобу?..

Маалымат кызматыңыздардан жооп күтөбүз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости