www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеште Рыскелди Момбеков деген эл өкүлү бар. Маал маалы менен өкмөттү “бешинчи точкага” тебип, ары бери кой айдагандай айдап турат. Бирок анын дагы алы кетиптир аткаруу бийлиги менен кой-чабан ойной берип.

Дегенибиз жакында СССРдин эл артисти, залкар инсан Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдык мааракеси болот. Ага чет өлкөдөн белгилүү, атактуу, сыйлуу коноктордун келиши күтүлүүдө. Бирок кашайып өкмөт адатынча эле мааркени өткөрүү жөрөлгөсүн маданият, маалымат жана туризм министрлигине өткөрүп берет. Ал өз учурунда иш чараны өткөрөсүң деп кинематография департаментинин моюнуна илип коет. Бирок, кызыгы ага бир тыйын бөлүнбөптүр. Мындай жагдайга ичи ачышкан Момбеков өкмөткө өкүргүсү, өтүнгүсү дагы келбей калыптыр. Себеби ал жакка өтпөй калыптыр.

Ошондуктан депутат түз эле президентке кайрылып, мааракени өткөрүүгө колдоо ирээтинде өкмөткө президенттин өздүк фондунан бир пачка кагаз берип коюсун өтүндү. “Кыргыздын өңү Сүймөнкулдай” – деген сөз чын болсо президент кайрымдуулук кылат деген ойдо эл өкүлү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости