www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 15-сентябрда Ош облусундагы 530 мектепте жаңы окуу жылына арналган салтанаттуу иш-чаралар өтүп, окуучулар билим алууга киришти.
Ош ОИИБдин маалыматына ылайык, мектептерде коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого 800дөн ашуун милиция кызматкери тартылды.
Милиция кызматкерлери салтанаттуу иш-чаралар учурунда окуучулардын коопсуздугун камсыздап, жолго жакын жайгашкан мектептердин айланасында жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөштү.
Маалыматка караганда, майрамдык иш-чаралар учурунда тартип бузуулар жана одоно мыйзам бузуулар катталган эмес.
Ош ОИИБдин кызматкерлери мындан ары да мектептерде укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча иштерди жүргүзөт.