www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Суу ресурстары кызматынын жетекчилиги вегетациялык мезгилге карата жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышуу жана ирригация тармагындагы инфраструктуралык долбоорлордун ишке ашырылышын кароо максатында бир катар райондоруна барды. Сапардын жүрүшүндө Өзгөн жана Кара-Кулжа райондору, Чоң-Алай жана Алай райондору, ошондой эле Ноокат жана Араван райондору камтылды.

Жер-жерлерде Суу ресурстары кызматынын жетекчилиги ирригациялык инфраструктуранын учурдагы абалы менен таанышып, жаңы суу чарба объектилеринин курулушунун жүрүшүн, ошондой эле сугат каналдарын реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо иштеринин аткарылышын текшерди. Айрыкча насос станцияларын вегетациялык мезгилге даярдоо жана сугат маалында алардын үзгүлтүксүз иштөөсүнө өзгөчө көңүл бурулду.

Жумушчу сапардын жыйынтыгында жооптуу адистерге жана аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилерине тиешелүү тапшырмалар берилди. Тактап айтканда, даярдык иштерин өз убагында бүтүрүү жана вегетациялык мезгил бою фермерлерди сугат суусу менен толук камсыз кылуу зарылдыгы белгиленди. Суу ресурстары кызматы суу ресурстарын натыйжалуу башкарууга жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоого багытталган ирригациялык инфраструктураны өнүктүрүү жана модернизациялоо боюнча системалуу иштерди улантат.

 

Последние новости