www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев президент Садыр Жапаров менен жолукту. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаров менен «Династия, металл, ат» аттуу эмгегинин негизги идеяларын талкуулашкан.

"Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Евразия көчмөндөрүнүн институционалдык өзгөчөлүктөрү — генеалогиялык түзүлүш, металлга негизделген технологиялык артыкчылык жана ат аркылуу камсыздалган мобилдүүлүк сыяктуу фундаменталдык факторлор кеңири каралды.

Ошол эле контекстте лидерликтин жана бийликтин табияты тууралуу да пикир алмашуу болду. Көчмөн коомунда бийлик жөн гана үстөмдүк эмес, ал жоопкерчиликке, легитимдүүлүккө жана коомдук макулдукка негизделген институт катары калыптанганы белгиленди.

Бул талкуу өткөндү түшүнүү менен келечекти куруунун ортосунда терең байланыш бар экенин дагы бир ирет айгинеледи", - деп жазган Текебаев.

Последние новости