www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунун тургуну 75 жаштагы Мамыт Таштанов Түркияда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн шайтан араба менен жолго чыкты. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, аны сапарга узатуу иш-чарасына президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов, маданият жана искусство ишмерлери, мэриянын кызматкерлери, тургундар катышты.

Таштановго президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн резервдик фондунан материалдык жардам көрсөтүлдү.

Белгилей кетсек, Мамыт Таштанов 6 мамлекет аркылуу өтөт: Өзбекстан, Түркмөнстан, Казакстан, Азербайжан, Армения, Түркия. Иш-чаранын максаты - түрк тилдүү мамлекеттердин элдеринин достугун чыңдоо.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости