www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сочиде Орусия менен Түркиянын президенттери Владимир Путин менен Режеп Тайып Эрдогандын сүйлөшүүсү аяктаганын РИА Новости билдирди.

Сүйлөшүүлөр төрт сааттан ашык созулду.

"Биргелешкен билдирүү кабыл алынды", - деп билдирди президенттин басма сөз катчысы Песков.

Ошол эле учурда ал жолугушууда башка документтерге, анын ичинде кызматташуу боюнча меморандумга кол коюу пландалбаганын тактады.

Аталган эки лидердин бир айдын ичиндеги экинчи кездешүүсү. 20-июлда алар Тегеранда бир нече темада сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн.

Түркия НАТОнун мүчөсү экенине карабай Орусияга каршы санкцияларды колдогон эмес, ошол эле маалда Украинага курал жеткирип жатат. Анкара Москва менен Киевдин ортосунда арачы катары түшүп, украин дан азыктарын деңиз аркылуу чыгарып кетүү боюнча сүйлөшүүлөрдү уюштуруп берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости