www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мелис Айдаркулов Фейзбуктагы баракчасына Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган Жарасул Абдраимов тууралуу пикирин жазды. Жазганын өзгөртүүсүз беребиз.

--"Жарасул Абдраимовдун Ош облусунун жетекчилигине дайындалганын укканымда кубанганымды жашыра албайм. Азыркы жаштар билбейт, 1990-жылдары Жарасулдун жылдызы жарк этип жанып, ой жүгүртүүсүнүн прогрессивдүүлүгү, жаңычылдыгы, тайманбастыгы жана жигердүүлүгү менен чындап эле легендага айланган. Ал кезде адамдарды карыгандар жана жаштар деп бөлүү жок эле. Билими жетик, максаты бийик, кесипкөйлүгү даана, ошол учурдагы партиялык бюрократияга, партократтардын өзүм билемдигине, компетентсиздигине жана өкүмзордугуна ачык каршылык кылган көрүнүктүү ишмерлердин арасында Жарасул сыяктуу жаштары да, улгайгандары да бар эле. Жарасул алардын ичинде өзгөчөлөнүп турчу. Тайманбастыгы, кыймыл-аракеттеринин шардыгы, жигердүүлүгү менен айырмаланчу. Тилекке каршы, Акаевдин жакын чөйрөсүндөгү “чөөлөргө” Жарасулдун кашкөйлүгү жана беттегенин бербеген өжөрдүгү жаккан жок. Аны так ошол демилгелүүлүгү жана жигердүүлүгү үчүн эле жерип, өгөйлөп коюшту. Акаевден кийинки бийлик деле Жарасулду баалабады.

Бирок Жарасул жерде калган жок, баягы эле Жарасул бойдон калды. Көп жыл заводдорду жетектеп, жоктон бар жаратты. Ишкерлик кылды. “Ишеним” деген саясий партия түздү. Нанотехнологиялар институтун негиздеп, ага жетекчилик кылды. Футзал федерациясына президент болду. Өкмөттү реформалоо боюнча долбоор иштеп чыкты. Бир нече эл аралык уюмдардын Кыргызстанды өнүктүрүүгө багытталган чоң долбоорлорунда иштеди. Айтор, заман менен тең адымдап, жашап келет, асти артта калган жок! "Аккан арыктан суу агат" демекчи, Жарасул заманыбыздын залкарларынын бири Каныбек Осмоналиевдин карачечекей иниси болот. Жарасул, сага бекем ден соолук, албан ийгиликтерди каалайм!
Жаратман жансың, Кудайым сени жалгасын...” – деди Мелис Айдаркулов.

Баса, бир тууган агасы Каныбек Осмоналиев “бир тууган иним гений. Ал Физприбор, ЭВМ жана Таш-Көмүрдөгү "Кристалл" заводдорунда директор болуп иштеген. Жаратмандыгын, бетке айткандыгы жакпай, мурунку бийликтегилер куугунтуктаган. Эми гана Садыр Жапаровдун бийлиги кызматташып. Жоопкерчиликтүү кызматты берди. Иним ишти илгерилетет, жакшы жыйынтык чыгарат деп ишенем”, деп кошумчалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости