www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 27-январь күнү Чон-Алай РИИБдин башчысы Залкар Сарыков райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Бекназар Бакыбеков менен биргеликте Чон-Алай районунун тургундары жана Ош - Эркештам авто жолунда көмүр кенин ташыган оор жүк ташуучу автоунаалардын айдоочулары менен жолугуп, жол унаа кырсыктардын алдын алуу боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
Анда ар бир айдоочу жана жөө жүргүнчү — кимдир бирөөнүн атасы, энеси, баласы же жакын адамы экендиги, андыктан бири-бирине маданияттуу жана сабырдуу мамиле кылуу, ылдамдыкты белгиленген чектен ашырбоо, жол белгилерине жана жол эрежелерине баш ийүү, каршы тилкеге чыкпоо, телефонго алаксыбоо жагы эскертилди.