www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2025-жылдын 18-декабрь күнү Кара-Суу районунун ички иштер бөлүмүнө 1990-жылы туулган Т.М. аттуу жаран денесинен жараат алып, ооруканага кайрылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Анын жүрүшүндө 18-декабрь күнү Кара-Суу шаарындагы “Туратали” базарында 1990-жылы туулган Т.М. жана 2004-жылы туулган М.И. аттуу жарандар автоунаа токтотуучу орун талашып, пикир келишпестиктен өз ара мушташып кеткендиги аныкталган.
Окуя боюнча эки тарап тең Кара-Суу РИИБге арыз менен кайрылышкан. Учурда 1990-жылы туулган Т.М. жана 2004-жылы туулган М.И.ге тийиштүү экспертизалар дайындалып, күбөлөр суралып, окуяга тиешеси бар далил буюмдар алынып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
Текшерүүнүн жыйынтыгы жана экспертизанын корутундусуна ылайык мыйзамдуу чечим кабыл алынат.