www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ноокат РИИБдин кызматкерлери тарабынан ок атуучу куралга байланышкан кырсыктардын алдын алуу, мыйзамсыз сакталган куралдарды аныктоо жана жарандарга үй-бүлөлүк чыр-чатактын үстүндө куралды кармабоо боюнча эскертүүлөрдү берүү максатында «Арсенал» ыкчам алдын алуу иш-чарасы жүргүзүлдү. Бул тууралуу Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Анда кызматкерлер каттоодо турган курал ээлери менен маектешүүлөрдү өткөрүп, курал колдонуу, сактоо эрежелерин бузбоо жана алып жүрүү тартибин эскертишти. Аны менен катар мыйзамсыз сакталган куралдар болсо, өз ыктыяры менен ички иштер органдарына тапшыруу тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Жүргүзүлгөн иш-чаранын натыйжасында 2 жаран өз ыктыяры менен ок атуучу куралды ок дарылары менен кошо кызматкерлерге тапшырды. Анын ичинен 1 сайлуу ок атуучу курал (ТОЗ-8). Ал эми 2 ок атуучу курал ээси каза болгондугуна байланыштуу маселе чечилгенге чейин убактылуу РИИБдин карамагына алынды. Ошондой эле сактоо жана кайра каттоо эрежелерин бузгандыгы үчүн 3 жаранга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин беренелеринин негизинде протоколдор түзүлүп, аларга карата 9 000 сом айып пул салынды.

Белгилей кетсек, бул аракеттер жарандардын колундагы мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарга байланышкан кырсыктардын жана мыйзам бузуулардын алдын алууга өбөлгө болот.

Ош ОИИБи жарандарга эскертет! Мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды, ок дарыларды жана жарылуучу заттарды ички иштер органдарына өз ыктыяры менен тапшырган жарандар кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.

 

Последние новости