www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 29-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев Ош шаарында ички иштер органдарынын кызматкерлерине жаңы жыл майрамына нускамалоо өткөрдү. Бул тууралуу Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Ага ИИМдин ЖКККББнын башчысы Азенбек Козукеев, Президенттин Ош облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, Ош ОИИБдин башчысы Нурланбек Бурканов, Ош ШИИБдин башчысы Дамир Исаков ошондой эле Ош шаарындагы укук коргоо органдарынын жетекчилери жана өздүк курамы катышты.

Анда жаңы жыл майрамына карата уюштурулган салтанаттуу иш-чараларда жана кышкы каникул учурунда коомдук тартипти, жарандардын жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча нускамалоо айтылды.

Иш-чара өздүк курамдын салтанаттуу саптык жүрүшү менен жыйынтыкталды.

Дал ушундай эле нускамалоо Ош ОИИБге караган РИИБдерде да өткөрүлүп, ага ИИМден аймактарга жооптуу болуп бекитилген жетекчилер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Ардагерлер менен элдик кошундар катышты.

Белгилей кетсек, жаңы жыл майрамына карата Ош облусунун аймагында 1000 ден ашуун милиция кызматкерлери жана элдик кошундар, ички иштер органдарынын ардагерлери коомдук тартипти камсыздоо боюнча иш алып барышат.

Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлери 2025-жылдын 29-декабрынан 2026-жылдын 8-январына чейин “Жогорулатылган” күжүрмөн даярдык баскычында кызмат өтөшөт.

 

Последние новости