www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаңы жыл майрамын жана жаңы жылдык эс алуу күндөрүн утурлай Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» борбордук аянтында ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнүн гарнизондук сапка тизилүүсү брлуп өттү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ИИББнын Басма сөз кызматы билдирди. 

Гарнизондук сапка Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Бишкек шаарынын ИИББнын начальниги милициянын полковниги Азамат Токтоналиев, Бишкек шаарынын ИИББнын жетекчилиги, Кыргыз Республикасынын ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы, Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларынын акимдери, райондук ички иштер башкармалыктарынын жетекчилери, бөлүмдөрдүн командирлери жана ички иштер органдарынын өздүк курамы катышты.

Өз сөзүндө Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев майрамдык иш-чаралар учурунда коопсуздукту жана укук тартибин камсыздоонун маанилүүлүгүн белгилеп, коомдук тартипти сактоо Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясынын кызматкерлери, ошондой эле башка шаардык кызматтар менен биргеликте жүргүзүлөрүн баса көрсөттү.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндөн тартып 2026-жылдын 8-январына чейин милиция кызматкерлери күчөтүлгөн кызмат өтөө тартибине өтүшөт. Негизги максат – коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, укук бузуулардын жана кылмыштардын алдын алуу, ошондой эле адамдар көп топтолгон жерлерде мүмкүн болуучу окуяларга ыкчам чара көрүү болуп саналат.

Гарнизондук сапка тизилүүнүн жүрүшүндө жетекчилик тарабынан өздүк курамга негизги милдеттер жеткирилип, кызматтык тартипти, мыйзамдуулукту катуу сактоого, жарандар менен маданияттуу баарлашууга жана кызматтык милдеттерди так аткарууга өзгөчө көңүл бурулду.

Айрыкча борбордук аянтта, жаңы жылдык иш-чаралар өткөрүлүүчү жайларда, соода-көңүл ачуу борборлорунда коомдук тартипти сактоого, ошондой эле жол кырдаалына көзөмөлдү күчөтүүгө жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого өзгөчө көңүл бурулат.

Бишкек шаарынын ИИББгы борбор калаанын тургундарын жана конокторун майрам күндөрү коомдук тартипти сактоого жана жеке коопсуздук чараларын карманууга чакырат.

 

Последние новости