www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШдагы Жорж Вашингтон университетине караштуу “Улуттук коопсуздук архиви” Владимир Путин менен АКШнын мурдагы президенти Жорж Буштун 2001-2005-2008-жылдардагы жашыруун сүйлөшүүлөрүнүн стенограммаларын жарыялады. Документтер Орусиянын бүгүнкү тышкы саясий багыты дал ошол жылдары эле калыптана баштаганын көрсөтөт.

2001-жылы Люблянада өткөн биринчи жолугушууда Путин Батышка нааразычылыгын ачык билдирип, Орусия “Украинаны, Казакстанды жана Кавказды өз ыктыяры менен берип койгонун” айткан. Ал НАТОну кеңейтүүгө каршы чыгып, Москва өзүн коопсуздук архитектурасынан четтетилгендей сезип жатканын Бушка жеткирген.

2008-жылдагы Сочидеги сүйлөшүүдө Путин Украинаны “совет мезгилинде жасалма түзүлгөн мамлекет” деп атап, анын НАТОго кириши Орусия үчүн түз коркунуч экенин эскерткен. Ал тургай Москва Украинада кырдаалды туруксуздаштырууга даяр экенин ачык айткан. Бул позиция кийинчерээк Грузиядагы согушта жана Украинага каршы агрессияда иш жүзүндө көрүндү.

Стенограммалар Кремль НАТОнун кеңейишин узак мөөнөттүү стратегиялык коркунуч катары кабыл алып, постсоветтик аймакты өз чөйрөсү деп эсептеп келгенин айгинелейт. Эксперттердин баамында, бул документтер Орусиянын азыркы согуштук жана ревизионисттик саясаты күтүүсүз эмес, алдын ала калыптанган курс болгонун дагы бир ирет далилдеп турат.

Последние новости