www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кандуу Ош окуясына туптуура 7 жыл толду. Ооба, бул жагымсыз окуяга, ага ар ким ар кандай баа берет, ар кандай эстейт. Арзыбек Орозбекович да ал күндү башкалардай эле таптакыр эсинен чыгарбайт. Ошол оор учурда кызмат кылган ушул адам жөнүндө сөз кылгым келип турат.

Бул адам Ош окуясы жүрүп жаткан учурда коменданттын каржы тармагы боюнча орун басары болгон. Ош шаарындагы бардык каржыны толук көзөмөлгө алып ашыкча чыгымдарга жол берген эмес. Анын жөнөкөйлүгүнөн улам эмгеги билинбей калган. Бирок аны унутууга биздин эч акыбыз жок.

Анткени Арзыбек Кожошевдин күчтүү финансистигинен улам, сырттан жана элден барган, мамлекет бөлгөн акчалар башаламан пайдаланылып кетпей сарамжалдуу пайдаланылган. Болбосо, Ош менен Жалал-Абад шаарындагы банктарда канчалаган акчалар бар эле? Банктардагы базаларчы? Каржы тармагы сакталган базалардын баары жок болуп кетсе анын баарын калыбына келтирүү мүмкүн эмес болчу. Акча бул чоң жоопкерчилик, айлык маяна, пенсия, жөлөк пулдардын баары өз убагында берилип турганы дагы ушул кишинин эмгеги. Арзыбек Орозбековичке кошулуп ошол убактагы каржы тармагында иштегендердин мээнети дагы бааланып тарых үчүн жазылыш керек.

Так ошол мезгилдеги кара түтүнгө, кан какшаган учурга, карайлап жолун таппай калган карапайым калктын канга бөлөнгөн күндөрү такыр болбой эле койсун. Биз кандуу калабаны кайра кайталануусуна жол бербешибиз керек деп эсептейм. Өткөн күндү эстеп жатканда ошол убактагы кээ бир адамдын жасаган эмгегин көмүскөдө калтыруу мүмкүн эмес.

Албетте, мунун баары тарых үчүн айтылып, жазылышы зарыл. Муну келечек урпактар жана азыркы муун баалоого милдеттүүбүз.

Баяна Кулова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости