www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Социалдык тармактарда Ош облустук балдар клиникалык ооруканасында элдин узун кезеги жаралган абал чагылдырылган видео тараган.
Мекеменин директору Жыргалбек Толоров мындай көрүнүш адатта, дем алыш жана майрам күндөрүнөн кийин байкаларын түшүндүрдү.
«Бул күндөрү амбулатордук жардам алуу жана тар адистердин консультациясына кайрылгандардын агымы кескин көбөйөт. Дал ушундай жүктөм бүгүн, 13-январда да катталып, 600 амбулатордук кайрылуу болгон. Ал эми 12-январда, клиникалык-диагностикалык бөлүм аркылуу болжол менен 800 бала өткөн. Ошол эле учурда оорукананын пландуу кабыл алуу үчүн жетиштүү инфраструктурасы бар: 18 дарыгердин кабинети иштейт, үч каттоо бөлүмү, эки касса жана эки терминал бар. Таңкы сааттарда талон алуу учурунда каттоодо кезектер түзүлүшү мүмкүн, бирок саат 11:00гө жакын агым бөлүштүрүлүп, адатта кезектер азаят же таптакыр жоюулат», — деди ал.
Директордун айтымында, өзүнчө көйгөй — айрым ата-энелер Үй-бүлөлүк медицина борборлоруна кайрылбастан жана жолдомосуз түз эле стационарга келишет. Ош облустук балдар клиникалык ооруканасы үчүнчү деңгээлдеги медициналык мекеме болуп саналат жана анын клиникалык-диагностикалык бөлүмү маршрутташтыруусуз баштапкы кайрылуулар үчүн каралган эмес.
«Ошол эле маалда КДБ менен катар мекемеде адистештирилген кызматтар штаттык режимде иш алып барат: травмпункт, ЛОР-бөлүмү, хирургия, реанимация, ОПН жана ОКП бөлүмдөрү. Бул бейтаптарды профили боюнча ыкчам бөлүштүрүүгө мүмкүндүк берет. Жүктөмдүн жогору болушуна карабастан, дарыгерлер балдарга жардам көрсөтүүдөн баш тартышпайт: кайрылган бардык балдар консультация алып, зарыл медициналык жардам көрсөтүлөт», — деди директор.