www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түштүк Кореянын прокурорлору мурдагы президент Юн Сок Ёлго каршы козголгон кылмыш ишинде эң оор жаза – өлүм жазасын сурашты. Ага 2024-жылдын декабрь айында аскердик абалды мыйзамсыз киргизүүгө аракет кылган жана козголоңду жетектеген деп айыпталууда.
13-январда Сеулдагы сот иш боюнча акыркы далилдерди угуп, тараптардын позицияларын карады. Мыйзамга ылайык, козголоң жана бийликти күч менен басып алууга байланышкан иштерде прокурорлор соттон өлүм жазасын же өмүр бою эркинен ажыратууну өтүнүүгө милдеттүү.
Айыптоо тарабы Юндун аракеттери коомдук коопсуздукка жана конституциялык түзүлүшкө коркунуч жаратканын билдирүүдө. Сотко аскер жетекчилеринин көрсөтмөлөрү жана мурдагы аскер кызматкери даярдаган меморандум сунушталды. Анда парламент мүчөлөрү, журналисттер жана активисттерге карата күч колдонуу пландары болгону айтылган. Ошол эле учурда бул окуяларда адамдардын каза болгону тууралуу маалымат жок.
Юн Сок Ёль айыптоолордун баасын четке кагып, аскердик абал тууралуу жарлыгы «символикалык мүнөздө болгонун» жана оппозициянын аракеттерине коомчулуктун назарын буруу максатын көздөгөнүн айтууда.
2024-жылдын 3-декабрында Юн аскердик абалды жарыялаган. Бирок чечим бир нече сааттан кийин Улуттук Ассамблея тарабынан жокко чыгарылган. Андан соң президентке импичмент жарыялоо маселеси көтөрүлүп, ал камакка алынган.
Юн менен кошо мурдагы коргоо министри жана мурдагы полиция башчысына да иш козголгон. Соттун чечими февраль айында чыгарылаары күтүлүүдө.
Эске сала кетсек, Түштүк Кореяда өлүм жазасы мыйзамда бар болгону менен акыркы отуздай жылдан бери аткарылган эмес. Мурдагы аскердик лидер Чон Ду Хванга карата чыгарылган өлүм өкүмү да кийин өмүр бою эркинен ажыратуу жазасына алмаштырылган.