www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Ошто Комуз күнүнө карата майрамдык иш-чара өттү, - деп билдирет шаардык мэриянын басма сөз кызматы.

Ага Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, маданият ишмерлери, шаардык маданият башкармалыгынын, Ниязалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайдын, “Келечек” балдар чыгармачылык үйүнүн музыкалык жамааттары, шаар тургундары жана жаштар катышты.

Иш-чаранын алкагында Ош шаардык маданият башкармалыгы тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланып, анда Атай Огонбаевдин “Маш ботой” күүсүн эмгек сиңирген комузчулар, ошондой эле ОшМУ, ОшМПУнун искусство факультеттеринин студенттери, шаардын балдар музыкалык мектептеринин окуучулары аткарышты. Күүнү жалпы 150 комузчу чертти.

Вице-мэр В. Рыскулова жалпы чогулгандарды Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун атынан Комуз күнү менен куттуктап, окуунун мыктыларына жана эмгек сиңирген мугалимдерге комуз тартуулады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости