www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто Санитардык-эпидемиологиялык станциясы тарабынан жүргүзүлгөн рейдде 6 коомдук танамактануучу жайдын иши убактылуу токтотулуп, жалпы 120 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Ош шаардык Санитардык-эпидемиологиялык станциясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган станция июль айынын башынан тарта шаарынын аймагында коомдук тамактануу жайларында санитардык-эпидемиологиялык нормалардын сакталышына карата пландуу рейддерди жүргүзүүдө.

Бир күн мурда жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө санитардык талаптарды бузуу фактылары аныкталган кафе-ресторандарга 5 миңден 13 миң сомго чейин административдик айып салынып, тартип бузуулардын бирдиктүү реестрине катталган. Айып пулдун жалпы суммасы 120 миң сомду түздү.

Мындан тышкары, аныкталган мыйзам бузуулар жоюлганга чейин 6 коомдук тамактануу жайынын иши убактылуу токтотулган. Учурда 5 объектиде мыйзам бузуулар жоюлду. Рейддик иш-чаралар улантылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости