www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 28-сентябрында Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу эки мамлекеттик мекеменин жаңы имараттары пайдаланууга берилди.

Бул тууралуу Президенттин Иш башкармалыгы маалымдады.

Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев катышты.

Көкүм-Бий көчөсү, 194–195А дарегинде жайгашкан жаңы комплекстин А блогунда Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун Ош аймактык бөлүмү иштей баштады.

Эки кабаттуу имаратта транспорт каражаттарын каттоо жана кайра каттоо, мамлекеттик номер белгилерин берүү жана айдоочулук күбөлүк алуу боюнча кызмат көрсөтүүгө бардык шарттар түзүлгөн. Теориялык экзамендерди өткөрүүчү зал бир учурда 62 талапкерди кабыл алат. Практикалык экзамендер үчүн 8 500 чарчы метр аянтты ээлеген заманбап автодром курулган.

Ал эми комплекстин Б блогунда «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин жаңы Калкты тейлөө борбору жайгашты.

Жалпы аянты 1 500 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу имаратта электрондук кезек системасы, эне жана бала бөлмөсү, касса, паспорт берүү бөлүмү, архив жана VIP-зал каралган.

Борбордо 38 адис күнүнө 1 500гө чейин жаранды тейлей алат.

Каныбек Туманбаев жаңы объекттердин ачылышы мамлекеттик кызматтарды жарандар үчүн тез, жеткиликтүү жана ыңгайлуу көрсөтүүгө шарт түзөрүн белгиледи.

Маалыматка ылайык, объекттер Президенттин Фондунун жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын финансылык колдоосу менен курулган. Жер тилкеси Ош шаарынын мэриясы тарабынан бөлүнүп берилген.

Последние новости