www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунда бир апта ичинде эки аялдын сөөгү табылып, эки факт боюнча тең «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголду.

23-сентябрда Кара-Балта шаарындагы батирлердин биринен 30 жаштагы аялдын сөөгү табылган. Анын денесинен жаракаттар аныкталган. Шектүү катары маркумдун 1988-жылы туулган күйөөсү кармалып, камакка алынган.

Ал эми 25-сентябрда Токмок шаарындагы батирден 73 жаштагы аялдын сөөгү табылган. Маркумдун денесинде да жаракаттар болгон.

Учурда эки окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Расмий маалыматка ылайык, 2026-жылдын январь–август айларында Кыргызстанда 18 862 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 32,1%га көп.

Последние новости