www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссияга алдыдагы президенттик шайлоого катышуу ниети тууралуу арыздар азырынча түшө элек. Бул тууралуу 28-сентябрда БШКдан билдиришти.
Кыргызстандын президентин кезектеги шайлоо 2027-жылдын 27-январына дайындалган.
Талапкерлерди көрсөтүү башталды. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, ал шайлоону дайындоо тууралуу чечим расмий жарыяланган күндүн эртеси башталат жана добуш берүүгө чейинки 75 календардык күн калганда — 2026-жылдын 13-ноябрында аяктайт.
Талапкерлер эки жол менен көрсөтүлүшү мүмкүн: өзүн-өзү көрсөтүү же саясий партия тарабынан. Өзүн-өзү көрсөткөн учурда жаран БШКга президенттик кызматка талапкерлигин коюу ниети тууралуу арыз тапшырышы керек.