www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Непалдын ар кайсы аймактарында нөшөрлөгөн жаандан улам болгон суу ташкындары жана жер көчкүлөрдүн кесепетинен 21 адам каза болуп, дагы 5 адам дайынсыз жоголду. Бул тууралуу Nepal News порталы маалымдады.
Табигый кырсыктан өлкөнүн маанилүү инфраструктурасына олуттуу зыян келтирилип, транспорттук жана энергетикалык тармактардын иши үзгүлтүккө учурады. Он чакты ири жол тилкеси жер көчкү жана жолдун урап түшүшү себептүү жабылды. Айрым аймактарда электр энергиясы толугу менен өчүрүлдү. Рахуганга дарыясындагы суу ташкыны ГЭСтин инфраструктурасына жана электр өткөрүү линияларынын мамыларына да зыян келтирди.
Бийлик өлкөнүн 77 округунун 50сүндө капыстан суу ташкыны болушу мүмкүн экенин эскертти. Алардын жарымынан көбүндө ири дарыяларда жана алардын куймаларында суунун деңгээли көтөрүлгөндүктөн, суу ташкыны жана сел жүрүү коркунучу жогору бойдон калууда.
Непал менен Индиянын Гаддачоуки аймагындагы чек ара аркылуу өтүү да Махакали дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлгөнүнө байланыштуу убактылуу токтотулду.