www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарында курулушу жүрүп жаткан жаңы «Келечек» базарын март айында пайдаланууга берүү пландалууда. Учурда курулуш иштери жыйынтыктоочу баскычка жетти.
Ош мэриясынын маалыматында, азыркы тапта имаратты ички жана сырткы жасалгалоо иштери жүрүп, инженердик коммуникациялар туташтырылууда. Соода жайларынын ээлери павильондорду иретке келтирип, жабдууларды орнотуу жана товарларды жайгаштырууга даярдык көрүп жатышат.
Ошондой эле базардын аймагын көрктөндүрүү, унаа токтотуучу жайларды уюштуруу жана коопсуздук талаптарын камсыздоо иштери жүрүп жатканы айтылды.
Эске салсак, буга чейин Оштун мэри Жеңишбек Токторбаев соодагерлер жаңы «Келечек» базарына 1-марттан тарта көчүрүлө баштаарын билдирген.