www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн Ош шаарынын мэриясында Жарандык коргонуу комиссиясынын отуруму өттү. Бул тууралуу Ош мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Анда шаардагы сел жүрүү жана суу каптоо коркунучтарынын алдын алуу маселеси каралды. Жыйынга шаардык мэриянын тиешелүү мекеме-ишканаларынын жетекчилери жана кызматкерлери катышты.
Жаз мезгилиндеги нөшөрлүү жаан-чачындардан улам шаардын айрым аймактарындагы көп кабаттуу жана жеке турак үйлөрдүн жер төлөлөрүн суу каптоо фактылары катталууда. Шаар мэри Ж.Акаев бул маселеге токтолуп, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараптан реалдуу чечүү жолдорун издөө зарылдыгын белгиледи жана шаардыктардын коопсуздугу негизги милдет экенин эскертти.
Отурумдун алкагында КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2026-жылдын 4-майындагы тапшырмасын аткаруу максатында шаардын жарандык коргонуу кызматтары “Жогорку даярдык” режимине өткөрүлдү. ӨКМдин Ош шаардык башкармалыгынын башчысы Улан Жусубалиев билдиргендей, бүгүнкү күндө 200гө жакын кызматкер күжүрмөн даярдыкта турат жана бул күчтөрдү дагы күчөтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Отурумдун жыйынтыгында кооптуу аймактарды үзгүлтүксүз көзөмөлгө алуу, арык-каналдарды өз убагында тазалоо, ички ирригациялык тармактарды калыбына келтирүү жана авариялык топтордун толук даярдыгын камсыз кылуу боюнча так тапшырмалар берилди. Ар бир жетекчи жана жооптуу кызматкер бул тапшырмалардын сапаттуу аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартаары эскертилди.